Mobile-banner-image

Кызыктыруучу лотереянын эрежелери

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. «SNICKERS футбол 2025» акциясы (мындан ары - «Акция») жарнамалык иш-чаралардын топтомун билдирген кызыктыруучу лотерея болуп саналат, анын милдети «Snickers» товардык белгилери бар товарларды сатууга түрткү берүү. Буга катышуу атайын билет сатып алууну же кошумча акы төлөөнү талап кылбайт. Акцияга катышуу укугу катышкандык үчүн акы төлөө менен байланышпайт жана кандайдыр бир атайын лотерея билеттерин сатып алуу менен шартталган эмес. Акциянын байге фонду Уюштуруучунун эсебинен түзүлөт.

1.2. Акцияны өткөрө турган жер болуп Кыргыз Республикасынын аймагы эсептелет.

1.3. Акцияга катышуучу продукция (мындан ары – «Продукция») SNISKERS:

Продукциянын аталышы

Продукциянын коду

Snickers стандарттуу батончиги, 50,5 гр

4607065001445

Snickers Super батончиги, 80 гр

4660085515163

Snickers Пломбир батончиги, 81 гр

4607065735425

Snickers Токой жаңгагы батончиги, 81 гр

5000159439480

Snickers Ак батончиги, 81 гр

4607065730109

Snickers Crispбатончиги, 60 гр

4607065738310

Snickers батончигинин таңгагы 4 шт. * 40 гр

4660085513008

Snickers батончигинин таңгагы 9 шт. * 40 гр

4607065001384

Snickers Minis таңгагы, 180 гр

4607065000073

1.4. Акцияга катышуучу продукциянын наркы Акцияны өткөрүү мөөнөтүнөн тышкары ушуга окшош Продукциянын наркынан ашпайт. Демек, Акцияга катышуучу Продукцияны сатып алууда катышуучу Акцияга катышкандык үчүн эч кандай кошумча акы төлөбөйт. Акцияга катышуу ыктыярдуу болуп саналат.

*** Эскертүү. Продукциянын наркы деп продукцияны жеткирүүчүнүн сатуу наркы эсептелет, анткени продукциянын коюлган акыркы наркы Продукцияны сатуучу тарабынан белгиленет. 

1.5. Кызыктыруучу лотерея Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын 2025-жылдын 21-апрелинен тартып 18-июнуна чейинки мезгилге кызыктыруучу лотерея өткөрүү үчүн берилген каттоо № ___, серия ___  уруксатына ылайык өткөрүлөт.

2. ЭРЕЖЕЛЕРДЕ КАМТЫЛГАН АНЫКТАМАЛАР

2.1. Акциянын катышуучусу – ушул Эрежелердин шарттарына ылайык продукцияны сатып алган жана Акциянын https://www.snickers.com/football/ky-kg сайтынан онлайн каттоодон өтүп (толук аты-жөнүңүздү, электрондук почта дарегиңизди, уюлдук телефон номериңизди, почта дарегиңизди жана жашаган шаарыңызды киргизүү менен), Акцияга катышуу үчүн өтүнмө калтырган 18 жашка толгон, аракетке жөндөмдүү жеке жак.

2.2. Маалымат борбору – +996 503 269 270 акциянын эрежелери жөнүндө маалымат алуу үчүн катышуучулар байланышуу үчүн арналган.

2.3. Эксперттик комиссия – Акцияны өткөрүү жол-жобосунун бардык шарттарынын сакталышын контролдоо максатында Уюштуруучу тарабынан тартылган кызматкерлер.

2.4. Байгелер – Акциянын ушул Эрежелеринин шарттарына ылайык жеңүүчүлөргө тапшырылуучу байгелер.

2.5. штрихкод – товардын таңгагында көрсөтүлгөн уникалдуу номер.

3. АКЦИЯНЫН ДЕМИЛГЕЧИСИ ЖАНА УЮШТУРУУЧУСУ

3.1. 2024-жылдын 1-октябрында түзүлгөн алкактык келишимдин негизинде Акциянын демилгечиси: "Марс Казахстан" ЖЧШ, почта дареги: Казакстан Республикасы, Алматы ш., Кунаев көч., 77, 15-кабат.

3.2. Акциянын уюштуруучусу: «Quasar» (Куазар) Жарнамалык агенттиги» ЖЧК, почта дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Малдыбаев көч., 54б

4. АКЦИЯНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ

4.1. Акцияга 18 жашка толгон, аракетке жөндөмдүү, ушул Эрежелердин 1.3-пунктунда аныкталган 1 (бир) даанадан кем эмес сандагы Продукция сатып алган жеке жактар катыша алышат. КР резидент эместери үчүн кошумча шарт – ЖИН – (КР ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген жеке идентификациялык номер) болушу керек.

4.2. Акцияга катышууга Демилгечинин жана Уюштуруучунун кызматкерлерине, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө; Демилгечи жана Уюштуруучу менен Акцияны сатууга байланыштуу жарандык-укуктук келишимдерди түзгөн жеке жактарга; Акцияны өткөрүүгө тартылган уюмдардын кызматкерлерине, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жол берилбейт.

5. АКЦИЯНЫН МЕХАНИКАСЫ

5.1. Акцияга катышуу үчүн 2025-жылдын 21-апрелинен 18-июнуна чейинки мезгилде Акцияны сунуштаган жарнамалык материалдарда же https://www.snickers.com/football/ky-kg сайтында («Сайт») жайгаштырылган кодду сканерлөө жолу менен Акцияга катышуучу продукцияны сатып алуу керек. Өтүнмөнүн онлайн каттоо формасын толтуруп, толук аты-жөнүн, электрондук почта дарегин, мобилдик номерин, почта дарегин жана жашаган шаарын жазат. Ошондой эле байгелерди ойнотууга катышуу үчүн атайын формага Ушул Эрежелердин 1.3-пунктунда көрсөтүлгөн сыпаттамага ылайык Snickers продукциясынын таңгагынын штрих кодунан акыркы 4 цифраны киргизүү зарыл. 

5.2.   Ар жумалык утушка ушул Эрежелердин 5-бөлүмүнө ылайык өткөрүү мезгилинде ушул Эрежелердин 1.3 жана 5-пунктуна ылайык Продукциянын 1 (бир) даанадан кем эмес сандагы товарын сатып алган катышуучулар катышат.

5.3. Чектөөлөр – бир эле катышуучу акция мезгилинде 1ден ашык каттала албайт.

5.4. Бир чекте 1 (бир) жолу (эгерде товардын саны экиден көп болсо) сатып алынган Продукциянын санына карабастан, бир жолу катталууга жол берилет.

5.5. Акция мезгилинде ар бир Катышуучу ар жумалык байгенин бирөөсүн гана ала алат, бирок Акцияга андан ары катышуу жана Акцияны өткөрүүнүн бүткүл мезгили үчүн башка ар айлык утуштардын байгелерин алуу чектелбейт.

Акцияга катышуу фактысы Катышуучунун ушул Эрежелерге толук макулдугун тастыктайт, ошондой эле ушул Эрежелерде каралган шарттарда Уюштуруучу тарабынан катышуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга, сактоого, берүүгө Катышуучунун макулдугу болуп саналат.

5.6. Акциянын Уюштуруучусу Уникалдуу коддорду каттоо жөнүндө алынган кайрылуулардын ушул Эрежелерге ылайыктуулугу боюнча чечимдерди бир тараптуу тартипте апелляциясыз кабыл алууга укуктуу.

5.7. Акцияга катышууга байланышкан маселелерди катышуучулар Маалымат борбор аркылуу Уюштуруучуга жөнөтө алышат

 

6. АКЦИЯНЫ ӨТКӨРҮҮ МӨӨНӨТТӨРҮ

6.1. Акциянын жалпы мөөнөтү: 2025-жылдын 21-апрелинен тартып 2025-жылдын 18-июнуна чейин.

6.2. Катышуучуларды каттоонун жалпы мөөнөтү: 2025-жылдын 21-апрелинде 00 саат 00 мүнөттөн тартып 2025-жылдын 15-июнунда 23 саат 59 мүнөткө чейин.

6.3. Ар жумалык утуштарга катышуучуларды каттоо мөөнөтү:

6.3.1. Биринчи утуш 2025-жылдын 21-апрелинде 00 саат 00 мүнөттөн тартып 27-апрелдин 23 саат 59 мүнөтүнө чейин;

6.3.2. Экинчи утуш 2025-жылдын 28-апрелинде 00 саат 01 мүнөттөн тартып 4-майдын 23 саат 59 мүнөтүнө чейин;

6.3.3. Үчүнчү утуш 2025-жылдын 5-майда 00 саат 01 мүнөттөн тартып 11-майдын 23 саат 59 мүнөтүнө чейин;

6.3.4. Төртүнчү утуш 2025-жылдын 12-майда 00 саат 01 мүнөттөн тартып 18-майдын 23 саат 59 мүнөтүнө чейин;

6.3.5. Бешинчи утуш 2025-жылдын 19-майда 00 саат 01 мүнөттөн тартып 1-июндун 23 саат 59 мүнөтүнө чейин;

6.3.6. Алтынчы утуш 2025-жылдын 2-июнунда 00 саат 01 мүнөттөн тартып 8-июндун 23 саат 59 мүнөтүнө чейин;

6.3.7. Жетинчи утуш 2025-жылдын 9-июнунда 00 саат 01 мүнөттөн тартып 15-июндун 23 саат 59 мүнөтүнө чейин;

6.3.8. Сегизинчи утуш 2025-жылдын 9-июнунда 00 саат 01 мүнөттөн тартып 15-июндун 23 саат 59 мүнөтүнө чейин.

6.4. Ай сайын ойнотулуучу оюндардын катышуучуларын каттоо мөөнөтү:

6.4.1. Биринчи ар айлык утуш оюну 2025-жылдын 29-апрелинде саат 00:01ден 2025-жылдын 18-майында саат 23:59га чейин болот.

6.4.2. Экинчи айдагы утуш оюну 2025-жылдын 19-майында саат 00:01ден 15-июнуна саат 23:24кө чейин болот.

6.5. Акциянын Байгелерин алуучу Жеңүүчүлөр графикке ылайык аныкталат (8.1-пункт).

6.6. Акциянын Жеңүүчүлөрүнө байгелер 2025-жылдын 5-майынан 2025-жылдын 18-сентябрына чейинки аралыкта ыйгарылат.

 

7. БАЙГЕ ФОНДУ

7.1.1. Ар жумалык байгелер
 

Аталышы

Саны 

Байге фонду (сатып алуу наркы) (сом)

1

Белек кутусу (спорттук футболка, шопер сумка, худи, бар кутусу, кубаттоо үчүн Snickers кутусу)

16 даана

162 128 сом

2

Фотопринтер Xiaomi

8 даана

43 200 сом 

3

Xiaomi MiJia Smart M365 Electric Scooter

8 даана

244 000 сом 

4

Nintendo Switch

8 даана

263 200 сом

5

Apple Watch 10 ultra

8 даана

318 720 сом 

6

 apple tv 4 k койгуч

8 даана

127 200 сом 

Байгелердин жалпы наркы 1 158 448 сом 

7.1.2. Ар айлык байгелер:

Аталышы

Саны 

Байге фонду (сатып алуу наркы) (сом)

1

instax max mini фотоаппараты

4 даана

43 200 сом

2

Sony PlayStation 5 Slim оюн консолу

2 даана

95 000 сом

3

Samsung экрандын диагоналы 65” (165 см) телевизору

2 даана

238 240 сом

Байгелердин жалпы наркы 376 440 сом 

7.2. Ушул Эрежелердин 7.1. жана 7.1.2-пунктунда көрсөтүлгөн байгелердин наркына Байгелердин ажырагыс бөлүгү болгон акча компоненти да кирет. Акчалай курам салык агентинин функцияларын аткаруу максатында Уюштуруучу тарабынан кармалат, байгени утуп алган Акциянын катышуучусуна өзүнчө акчалай курам берилбейт. Байгенин акчалай эквиваленти каралган эмес.

7.2.1. Байгелерди берүү: Бишкек шаарында жашагандар үчүн Уюштуруучунун кеңсесинде, ушул Эрежелердин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн дарек боюнча, ал эми Кыргыз Республикасынын башка региондорунда жашаган адамдар үчүн Лоялдуулук картасын каттоодо Катышуучу көрсөткөн даректер боюнча курьердик же почталык жеткирүү аркылуу жүргүзүлөт. Байгелер жеңүүчү адам паспортун көрсөткөн соң жана талап кылынган формага кол койгондон кийин тапшырылат.

7.3. Акциянын жалпы байге фонду-1 534 888 (бир миллион беш жүз отуз төрт миң сегиз жүз сексен сегиз) сом.

7.4. Байге алган адамдарга салык салуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Байгелерди алган жеке жактардын кирешелерине салыкты Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген ставкага ылайык Акцияны Уюштуруучу төлөйт. 

7.4.1. Кыргыз Республикасынын резидент эместерине салык салуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген ставкага ылайык жүргүзүлөт, акцияны Уюштуруучу төлөп берет жана ЖИНдин (КРда катталган жеке идентификациялык номер) милдеттүү түрдө болушун талап кылат.

8. БАЙГЕНИ АЛУУ ҮЧҮН ЖЕҢҮҮЧҮНҮ АНЫКТОО ТАРТИБИ

8.1. Байгелердин жеңүүчүлөрү Эрежелердин ушул бөлүмүндө көрсөтүлгөн мезгилдерде, тиешелүү мезгилде катталган уникалдуу коду бар бардык валиддик (корректтүү) Купондордун ичинен графикке ылайык аныкталат: 

  • Ар жумалык байгелер:

Каттоо мезгили 

Утуштарды өткөрүү датасы

Акцидагы жеңүүчүлөрдүн саны

 Байгелердин түрлөрү/саны жана жеңүүчүлөрүн аныктоонун кезектүүлүгү 

21.04.2025 - 27.04.2025

28.04.2025

7

  1. Белек кутусу (спорттук футболка, шопер сумка, худи, бар кутусу, кубаттоо үчүн Snickers кутусу) - 2 д.
  2. Xiaomi фотопринтер – 1 д.
  3. приставка aplle tv 4 k – 1 д.
  4. Xiaomi MiJia Smart M365 Electric Scooter – 1 д.
  5. Nintendo Switch – 1 д.
  6. Apple Watch 10 ultra – 1 д. 

 

28.04.2025 - 04.05.2025

05.05.2025

7

05.05.2025 - 11.05.2025

12.05.2025

 

7

 

12.05.2025 - 18.05.2025

19.05.2025

7

19.05.2025-25.05.2025

26.05.2025

7

26.05.2025-01.06.2025

02.06.2025

7

02.06.2025-08.06.2025

09.06.2025

7

09.06.2025-15.06.2025

16.06.2025

7

56 күн

 

56 жеңүүчү

56 байге

  • Ар айлык байгелер: 

Каттоо мезгили 

Утуштарды өткөрүү датасы

Акцидагы жеңүүчүлөрдүн саны

 Байгелердин түрлөрү/саны жана жеңүүчүлөрүн аныктоонун кезектүүлүгү 

21.04.2025-18.05.2025

20.05.2025

4


 

  1. instax mini фотоаппарат - 2 д.
  2. Sony PlayStation 5 Slim оюн консолу – 1 д.
  3. Samsung экрандын диагоналы 65” (165 см) телевизору – 1 д. 

19.05.2025-15.06.2025

17.06. 2025 

4

8.2. Жеңүүчүлөр ушул Эрежелердин 10.2-пунктуна ылайык байгелердин тиешелүү санында туш келди түрдө риндомайзерди (тиешелүү мезгилде катталган Купон коддорун туш келди тандап алуучу санариптик программа) колдонуу менен аныкталат.

9. БАЙГЕЛЕРДИ БЕРҮҮ ТАРТИБИ

9.1. Акциянын жыйынтыгын чыгаруу жана Байгелерди берүү ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн мезгилдерде байгелердин ар бир түрү боюнча Уюштуруучу тарабынан жүзөгө ашырылат.

9.2. Байгелер Демилгечи жана Уюштуруучу тарабынан www.random.org сайтындагы Купондун номерин туш келди тандап алуу генераторунун программалык камсыздоосун пайдалануу менен ойнотулат. Программалык камсыздоонун негизги принциби – белгилүү бир мезгил ичинде катышуучулар тарабынан катталган бардык коддордун ичинен уникалдуу купон номерин туш келди тандап алуу. Утуштар Эксперттик комиссиянын катышуусунда ойнотулат, marspromKG yotube каналында "on-line" режиминде көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси Эркин Тоо гезитине жайгаштырылат. Акциянын Уюштуруучусу жана Демилгечиси утуштуу уникалдуу коддорду аныктоого таасир этпейт. Байгелерди ойнотуу үчүн колдонулган программалык камсыздоодо лотереянын жыйынтыгын ал өткөрүлгөнгө чейин алдын ала аныктоого мүмкүндүк бере турган жол-жоболор жана алгоритмдер жок, уруксатсыз кирүүдөн корголгон жана жашыруун алгоритмдер (анын ичинде компьютердик программалардын баштапкы тексттери), маалымат массивдери, түйүндөр же агрегаттар жок.

  • Жеңүүчүлөрдү тандоо жол-жобосунун бардык шарттарын жана Акцияны өткөрүү тартибин сактоо үчүн Уюштуруучунун жана Демилгечинин өкүлдөрүнөн турган 3 (үч) адамдан кем эмес Эксперттик комиссия түзүлөт. Акцияга болгон ишенимди жогорулатуу максатында Эксперттик комиссиянын жыйынына Акциянын катышуучуларынын ичинен көз карандысыз өкүлдөр катыша алат.

9.3. Эксперттик комиссиянын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

  • Акцияны өткөрүүгө даярдыкты контролдоо;
  • Байгелердин жеңүүчүлөрүн аныктоону уюштуруу;
  • ушул Эрежелерде белгиленген тартипке ылайык жеңүүчүнү/лөрдү тандоо;
  • ар жумалык утуштар үчүн Байгелердин түрлөрүн жана жеңүүчүлөрдү табуу кезегин аныктоо;
  • тиешелүү документти (протоколду) түзүү аркылуу Акциянын жыйынтыгын ырастоо;
  • байгелердин утуштарын өткөрүү жол-жобосун видео-фиксациялоо.

9.4. Эксперттик комиссиянын катчысы жеңүүчүлөрдү аныктоо протоколун жүргүзөт жана анда төмөнкүлөрдү чагылдырат:

  • жеңүүчүлөрдү тандоо убактысы жана орду;
  • жеңүүчүлөрдү аныктоо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө маалымат;
  • көз карандысыз өкүл (уникалдуу коддорду каттаган, жеңүүчүлөрдү аныктоо процессинде катышкан катышуучулардын курамынан тандалып алынган) жөнүндө маалымат;
  • реалдуу убакытта түздөн-түз болгон тартипте жеңүүчүлөрдү аныктоо боюнча комиссиянын иш-аракеттери;
  • жеңүүчү/лөр жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен жеңүүчүлөрдү аныктоонун жыйынтыктары.
  • жеңүүчүлөр аныкталып бүткөндөн кийин Эксперттик комиссиянын мүчөлөрү протоколго кол коюшат. Бул протокол жалгыз болуп саналат жана андан ары жеңүүчүлөрдү аныктоонун жыйынтыктары боюнча дооматтар кабыл алынбайт.

9.5. Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин 10 (он) күндүн ичинде Уюштуруучу тиешелүү Жеңүүчү менен каттоодо көрсөтүлгөн мобилдик телефон номери аркылуу байланышат жана ал катышуучуга утуш жөнүндө маалымдайт.

9.6. Жеңүүчүлөрдү аныктоо учурунда Эксперттик комиссия ар бир байгеге 2 (эки) кошумча жеңүүчүнү аныктайт, алар төмөнкү учурларда байгелүү катары таанылышы мүмкүн (кезектүүлүк боюнча катар номерге ылайык (экинчи жана үчүнчү)) :

  • эгерде Акциянын Уюштуруучусу жеңүүчү менен көрсөтүлгөн телефон номери аркылуу жеңүүчүлөр аныкталган күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде байланыша албаса;
  • жеңүүчү тарабынан ушул Эрежелерди бузуу аныкталган учурда;
  • жеңүүчү байге алуудан баш тарткан учурда;
  • эгерде жеңүүчү болуп ЖИН (жеке идентификациялык номерин) берүүгө мүмкүнчүлүгү жок КР резиденти эмес жеке жак аныкталса.

10. АКЦИЯНЫ ӨТКӨРҮҮ МӨӨНӨТТӨРҮ ЖАНА ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖӨНҮНДӨ КАТЫШУУЧУЛАРГА МААЛЫМДОО ЫКМАСЫ ЖАНА ТАРТИБИ

10.1. Катышуучулар Акциянын эрежелери жана аны өткөрүү мөөнөтү жөнүндө төмөнкү жолдор менен кабардар болушат:

  • Акциянын эрежелерин жайгаштыруу жолу менен;
  • Акциянын толук эрежелерин https://www.snickers.com/football/ky-kg сайтына жайгаштыруу аркылуу;
  • 2025-жылдын 21-апрелинен 18-июнуна чейинки мезгилде +996 503 269 270 ишеним телефону аркылуу. Маалымат борбордун иштөө графиги - дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 10: 00-18: 00

11. АКЦИЯНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

11.1. Катышуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:

  • Акциянын эрежелери менен таанышууга жана ушул Эрежелерде айтылган булактардан маалымат алууга;
  • ушул Эрежелерде аныкталган тартипте Акцияга катышууга;
  • ушул Эрежелерде каралган Акциянын тиешелүү шарттары сакталган учурда байгелерди алууга;
  • Акцияга катышуудан жана/же байге алуудан баш тартуу жөнүндө билдирүүгө. Катышуучу Акцияга катышуудан баш тартуу жана/же Байгени алуу жөнүндө Уюштуруучуга жазуу жүзүндө жана/же электрондук почта аркылуу (сайтта катталган даректен) кабарлоо жөнөтүлгөн күндөн тартып байгени алууга болгон бардык укуктарын автоматтык түрдө жоготоору билдирилгенин жана макул экендигин тастыктайт. Уюштуруучу катышуучунун Акциядан чыгарылгандыгы жөнүндө жеке кабинетинде көрсөтүлгөн электрондук почта дареги аркылуу катышуучуга кабарлоо жөнөтөт.
  • Жеңүүчүлөрдү тандоо жол-жобосунун бардык шарттарын жана Акцияны өткөрүү тартибин сактоо үчүн Уюштуруучунун жана Демилгечинин өкүлдөрүнөн турган 3 (үч) адамдан кем эмес Эксперттик комиссия түзүлөт. Акцияга болгон ишенимди жогорулатуу максатында Эксперттик комиссиянын жыйынына Акциянын катышуучуларынын ичинен көз карандысыз өкүлдөр катыша алат.

11.2. Катышуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Акцияга катышууга байланыштуу тарткан бардык чыгымдарды (анын ичинде Акцияга катышкан адамдын Продукциясын сатып алууга байланышкан чыгымдарды) төлөөгө. Уюштуруучу көрсөтүлгөн төлөмдөрдү албайт жана алардын эсебинен Акциянын байге фондун түзбөйт;
  • Уюштуруучу, ошондой эле Катышуучу байге алууга талапкер болгон учурда ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан берилүүчү бардык зарыл документтерге (анын ичинде байгени кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына) кол коюуга;
  • Эгерде акциянын жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын резидент эмеси болсо, бардык зарыл документтерди, анын ичинде ЖИН (жеке идентификациялык номерин) же уюштуруучу сураган башка документтерди берүүгө.
  • Акциянын жүрүшүндө Катышуучу үчүнчү жактардын укуктарын бузгандыгына байланыштуу үчүнчү жактар тарабынан Уюштуруучуга карата кандайдыр бир дооматтар болгон учурда, Катышуучу мындай талаш-тартыштарды өз алдынча чечүү боюнча жоопкерчиликти өзүнө алат.

11.3. Катышуучуларга утуш жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүү жана байгелерди жеткирүү (утуп алган учурда), маалыматтык билдирүүлөрдү жөнөтүү, Акциянын катышуучулары менен жекече баарлашуу, Акцияга катышкан адамдардын реестрин жүргүзүү жана аларды идентификациялоо, Акциянын жеңүүчүлөрүнүн тизмесин жарыялоо максатында, Акциянын катышуучулары Уюштуруучуга төмөнкүдөй маалыматтарды (жеке маалыматтарды) берүүгө милдеттенишет:

  • фамилиясы, аты, атасынын аты;
  • паспорттук дайындар;
  • туулган датасы;
  • жынысы;
  • мобилдик телефон номери;
  • электрондук почта дареги. 

11.4. Акциянын Уюштуруучусунун суроо-талабы боюнча (атап айтканда, ушул Эрежелерди бузууга шектенүүлөр келип чыккан учурда) Катышуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

11.4.1. Инсандыгын идентификациялоо, каттоо учурунда көрсөтүлгөн Катышуучунун жашын жана каттоодо көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын тастыктоо максатында паспортту, ал эми КР резиденти эместер үчүн кошумча ЖИН (КР органы тарабынан берилген жеке идентификациялык номер) жана Уюштуруучунун суроо-талабы боюнча башка документтерди берүүгө.

11.4.2. Уюштуруучу тарабынан Катышуучуга тиешелүү суроо-талап жөнөтүлгөн же катышуучуну каттоодо анык эмес же толук эмес маалыматтар көрсөтүлгөн факты, же Эрежелердеги башка бузуулар же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурдан тартып Катышуучу 3 (үч) календардык күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын резиденти эмеси үчүн берүү мөөнөттөрү зарыл болгон документтердин тизмесине жараша узартылышы мүмкүн, ушул Эрежелердин 11.3-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды Уюштуруучуга бербеген учурда, Уюштуруучу Катышуучуну каттоону жокко чыгарууга, байгени берүүдөн жана андан ары мындай Катышуучуну кандайдыр бир түрдө Акцияга катыштыруудан баш тартууга укуктуу.

11.4.3. Уюштуруучуга текшерүү жана көчүрүү үчүн төмөнкү документтерди берүүгө (жеңүүчүгө ар жумалык байгени же ар айлык байгени тапшырганда):

  • паспорттун түп нускасы;
  • байгени алгандыгы жөнүндө өз атынан тил кат;
  • байгени утуп алгандыгы жөнүндө катталган жери боюнча салык органына декларация тапшыруу тууралуу тил кат;
  • КР резиденти эместер үчүн ЖИН (жеке идентификациялык номер);
  • Сүрөткө түшүүгө макулдук. 

12. УЮШТУРУУЧУНУН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

12.1. Уюштуруучу төмөнкүлөргө укуктуу:

12.1.1. Катышуучуга байгени берүүдөн баш тартууга жана ушул Эрежелерде баяндалган талаптарга ылайык келбеген адамдарга кандайдыр-бир байгелерди берүүдөн баш тартууга;

12.1.2. Акцияга катышуу жана каттоо процессин жасалмалаган же бузган (анын ичинде сатуу/алмашуу/сатып алуу/өткөрүп берүү/белекке берүү менен чектелбестен) учур болсо же ушул Акция менен байланыштуу болушу мүмкүн болгон ар кандай мазактоо, коркутуу, тынчсыздануу келтирүү максатында башка адамга аракеттерди көргөн, же болбосо эгерде Катышуучу кайсы бир Продукция жөнүндө терс пикир айтса, же болбосо Катышуучунун Акцияга катышуусу Уюштуруучу үчүн кадыр-баркка шек келтире турган болсо, катышууга берилген бардык же кайсы бир арызды жараксыз деп табууга, ошондой эле кайсы бир адамдын ушул Акцияга андан ары катышуусуна тыюу салууга;

12.1.3. Эгерде Катышуучу анын инсандыгын ырастаган документтердин түп нускаларын, ал эми КР резиденти эместери ЖИН (КР ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген жеке идентификациялык номерин) бербесе, Катышуучуга байгени берүүдөн баш тартууга, 

12.1.4. Уюштуруучу ушул Эрежелерде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралгандан башка учурларда Катышуучулар менен жазуу жүзүндөгү сүйлөшүүлөргө же башка байланыштарга кирбөө укугун өзүнө калтырат;

12.1.5. Эгерде кандайдыр бир себептерден улам бул Акциянын кайсы бир аспектиси пландалгандай өткөрүлүшү мүмкүн болбосо, анын ичинде компьютердик вирустардын жугушунан, мобилдик байланыш тармагындагы көйгөйлөрдөн, кемчиликтерден, манипуляциялардан, санкцияланбаган кийлигишүүдөн, жасалмалоодон, техникалык бузуулардан же Акциянын аткарылышын, коопсуздугун, бүтүндүгүн же талаптагыдай өткөрүлүшүн бурмалаган же ага таасир этүүчү Уюштуруучу тарабынан контролго алынбай турган ар кандай себептерден улам же, эгерде Акцияны өткөрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан толук же жарым-жартылай тыюу салынган учурда, Акцияны өткөрүүнү бир тараптуу токтотууга, өзгөртүүгө же токтото турууга;

12.1.6. Эгерде байгени Катышуучу өз убагында албаса, алынбаган Байгелер боюнча доону кароодон баш тартууга. Байгени Катышуучу кайрадан талап кылышы мүмкүн эмес.

12.2. Уюштуруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

12.2.1. Акциянын байге фондунун жалпы санынын чегинде ушул Эрежелерде каралган Акциянын шарттарын аткарган катышуучуларга ушул Эрежелерде каралган тартипте байгелерди берүүгө.

12.2.2. Акция мөөнөтүнөн мурда токтотулган же токтото туруу чечими кабыл алынган учурда бул тууралуу  https://www.snickers.com/football/ky-kg  сайтына жарыялоого.

13. УЮШТУРУУЧУНУН ЖООПКЕРЧИЛИГИН ЧЕКТӨӨ

13.1. Акциянын Уюштуруучусу Уюштуруучудан көз каранды болбогон кандайдыр бир себептер боюнча Катышуучулар байгелерин ала албагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

13.2. Акциянын Уюштуруучусу Катышуучу Байгени алгандан кийин аны андан ары пайдаланышы жана Катышуучу ар кандай себептер менен берилген Байгелерден пайдалана албай калышы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

13.3. Табигый кырсыктар, эпидемия, карантин, өрт, суу ташкыны, ар кандай мүнөздөгү аскердик аракеттер, блокадалар сыяктуу форс-мажордук жагдайлар, мыйзамдардагы олуттуу өзгөрүүлөр, Акцияны Уюштуруучу тарабынан контролдукка алынбаган башка жагдайлар келип чыккан учурда Акциянын уюштуруучусу жоопкерчилик тартпайт. 

13.4. Акциянын катышуучусуна байгени тапшырганда, Акциянын Уюштуруучусу байгени Акциянын катышуучусуна берген учурдан тартып кокусунан жоголуу же бузулуп калуу коркунучу үчүн жоопкерчилик тартпайт.

13.5. Уюштуруучу Акциянын катышуучусу тарабынан өз маалыматтарын жөнөтүүдө кетирилген каталар үчүн, ошондой эле мындай каталардын кесепеттеринен Акциянын Катышуучусу кетирген каталар менен байланышкан чыгымдар үчүн жооп бербейт.

13.6. Уюштуруучу үчүнчү жактардын, анын ичинде уюлдук байланыш операторлорунун жана Интернет-провайдерлердин ишинин жана аракеттеринин сапаты үчүн жоопкерчилик тартпайт.

13.7. Уюштуруучу Катышуучунун кетирген каталарынын кандайдыр-бир кесепеттери, анын ичинде (мындан тышкары башкалар) акыркы тарткан чыгымдары үчүн жоопкерчилик тартпайт.

13.8. Байгелердин сапаты боюнча Уюштуруучунун милдеттенмелери аларды өндүрүүчүлөр берген кепилдиктер менен чектелет. Байгелердин бүтүндүгүн жана функционалдык жарактуулугун Катышуучулар аларды алып жатканда түздөн-түз текшерүүгө тийиш. Байгелер Катышуучуга берилгенден кийин келип чыккан ар кандай зыяндар үчүн Уюштуруучу жоопкерчилик тартпайт. Байгелердин сапатына байланыштуу дооматтар түздөн-түз байгени өндүрүүчүлөргө берилиши керек.

14. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕТҮҮ САЯСАТЫ

14.1. Акцияга катышуу менен Катышуучу Акцияны Уюштуруучусунун берген жеке маалыматтарын иштетүүсүнө, анын ичинде чогултууга, системалаштырууга, топтоого, сактоого, тактоого (жаңыртууга, өзгөртүүгө), алууга, пайдаланууга, жайылтууга, ээсиздендирүүгө, бөгөттөөгө, өчүрүүгө, жок кылууга макулдугун билдирет.

14.2. Уюштуруучу Лоялдуулук картасын / мобилдик тиркемени каттоо учурунда Катышуучу тарабынан берилген Катышуучунун жеке маалыматтарынын төмөнкү тизмегин иштеп чыгат:

  • аты-жөнү;
  • жаш курагы;
  • мобилдик телефон номери;
  • электрондук почта дареги.

14.3. Акциянын Уюштуруучусу жеңүүчү Акциянын ушул Эрежелеринен өткөндүгүн ырастоо үчүн ар жумалык жана ар айлык байгелердин жеңүүчүсү тарабынан өз алдынча берилген жеке маалыматтарын кошумча иштеп чыгат:

  • идентификациялык салык номери (ИСН);
  • паспорттук маалыматтар (маалымдаректер, берилген күнү жана аны берген орган жөнүндө маалыматтар).

14.4. Катышуучунун жеке маалыматтары Уюштуруучу тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарынын негизинде, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка учурларда гана берилиши же ачылышы мүмкүн. Уюштуруучу жеке маалыматтарды чек арадан сырткары бербейт. Катышуучу өзү жөнүндө маалыматтарга жана/же анын жеке маалыматтарын ким жана кандай максаттарда пайдалангандыгы же пайдаланары тууралуу маалыматка кирүү укугуна ээ. 

14.5. Акцияга катышуу фактысы Уюштуруучунун (жана Уюштуруучунун тапшырмасы боюнча аракеттенген башка өнөктөштөрдүн) Акцияны өткөрүү максатында зарыл болгон ар кандай ыкмалар менен жана ушул Эрежелерде каралган тартипте Катышуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуусуна Катышуучунун эркин, конкреттүү, маалымдуу жана аң-сезимдүү макулдугу болуп саналат. Ушул Эрежелердин максаттарында жеке маалыматтар деп, түздөн-түз же кыйыр түрдө аныкталган же аныкталуучу жеке жакка (жеке маалыматтар субъектине) тиешелүү болгон ар кандай маалымат түшүнүлөт. Акциянын Катышуучусу өзүнүн атынан, өз ыктыяры менен жана өз алдынча аракеттенет. Акциянын Катышуучусу Акцияга катышууга байланыштуу жоопкерчилик жана кесепеттердин бардык тобокелдиктерин өзүнө алат.

14.6. Катышуучулар Акцияга катышуу үчүн көрсөтүлгөн/берилген жеке маалыматтар Акцияны өткөрүү максатында Уюштуруучу (башка өнөктөштөр) тарабынан бардык зарыл болгон ыкмалар менен иштетиле тургандыгын түшүнүшөт жана ушул Эрежелерди кабыл алууда мындай иштетүүгө макулдук беришет. 

14.7. Акцияга катышуу фактысы, эгерде ал Акциянын жеңүүчүсү болуп чыкса, Катышуучу анын аты-жөнүн, сүрөтүн жана өзү утуп алган байгени ММКга жарыялоого, эч кандай сый акы төлөнбөстөн сүрөткө тартып алуу үчүн түшүп берүүгө макул болот дегенди билдирет. Уюштуруучу материалдар жайгаштырылгандан кийин үчүнчү жактардын аракеттери үчүн жоопкерчилик тартпайт.

14.8. Акцияны Уюштуруучу жана Акцияны Уюштуруучунун тапшырмасы боюнча иш алып барган башка өнөктөштөр төмөнкү эрежелерди сактоого милдеттенишет жана Катышуучуга жеке маалыматтарды иштеп чыгууга карата төмөнкүдөй кепилдиктерди беришет:

  • жеке маалыматтарды коргоонун зарыл болгон ченемдерин сактоо менен жеке маалыматтарды иштетүүнү камсыз кылууга;
  • жеке маалыматтарды Акциянын алкагында жана максаттарында гана иштеп чыгууга;
  • эгерде Акциянын Уюштуруучусу Акциянын Катышуучуларынын алдындагы өз милдеттенмелерин аткаруу максатында Акциянын Катышуучуларынын жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүүгө же башка жол менен ачууга тийиш болсо, аталган аракеттерди Мыйзамдын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырууга;
  • Акциянын Катышуучуларынын жеке маалыматтарын иштеп чыгууда аларды коргоо жана коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жоопкерчилик тартууга.

14.9. Акциянын Катышуучусу Уюштуруучуга (же анын өкүлүнө) жеке маалыматтарын берген Катышуучунун жана/же жеке маалыматтардын башка субъектисинин жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун чакыртып алуусу ал Катышуучунун Акцияга катышуудан автоматтык түрдө чыгуусуна алып келет жана Акциянын байгесин алууга мүмкүн болбой калат. 

15. АКЦИЯНЫН БАШКА ШАРТТАРЫ

15.1. Акциянын Уюштуруучусу бул Эрежелерге каалаган өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизе алат, анын ичинде акциянын колдонуу мөөнөтүн, байгелерди алуу шарттарын өзгөртө алат.

15.2. Акциянын Эрежелери, ошондой эле ага киргизилген өзгөртүүлөр Акциянын https://www.snickers.com/football/ky-kg расмий сайтына жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

15.3. Байгелердин сырткы көрүнүшү маалыматтык жана/же жарнамалык материалдарда жайгаштырылган сүрөттөрдөн айырмаланышы мүмкүн.

15.4. Акциянын жыйынтыктары акыркы болуп саналат жана кайра кароого жатпайт.

15.5. Акциянын Уюштуруучусу менен Катышуучусунун ортосундагы талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каралат. Талаш-тартыштарды (доомат коюу тартибин) сотко чейин чечүү Тараптар үчүн милдеттүү. 

15.6. Акциянын Катышуучуларынын аны уюштурууга карата бардык мүмкүн болгон дооматтары Уюштуруучуга office@quasar.kg электрондук почта дареги аркылуу жөнөтүлүшү керек.